Экономика 11 айда 5% өстү

Экономика 11 айда 5% өстү

Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасы дээрлик 5% өстү. Бул тууралуу Улуттук экономика министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, реалдуу сектор 3,5 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүү тармагы 5,5 пайызга өстү. Курулуш, соода, маалымат жана байланыш, транспорт тармактарында жогорку көрсөткүч байкалды. Негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү дээрлик 15% жакындады. Башка мамлекеттер менен соода алмашуу тенденциясы да оң көрсөткүчкө ээ. 2023-жылдын үчтүн айы-тогуздун айларында тышкы соода жүгүртүү болжол менен 3% өсүп, 114 миллиард доллардан ашты. Анын жарымынан көбү экспортко туура келет. Жалпысынан өлкөнүн оң соода балансы 15 миллиард доллардан ашты.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков