Орто бизнес Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайынын кыймылдаткыч күчүнө айланууга тийиш

Орто бизнес Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайынын кыймылдаткыч күчүнө айланууга тийиш

Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри ата мекендик ишкерлер, мамлекеттик органдар жана квазимамлекеттик сектордун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Алихан Смаилов казакстандык бизнес дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү өнүм чыгарууга кудуреттүү экенин айтат. Өз кезегинде мамлекет ишкерлерди колдоого жана аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча эң натыйжалуу чараларды көрүүгө даяр экендигин кошумчалады. Анын айтымында, азыр Өкмөт жүктөмөнү жеңилдетүүгө жана салыктык тескөө жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган жаңы Салык кодексин иштеп чыгууда. Ошол эле учурда бизнес-топтун укуктарын мындан ары да коргоо максатында “таза барактан” жөнгө салуу эрежеси киргизилүүдө. Анын алкагында бизнеске 10 миң негизсиз дооматтар алынып салынат. Мамлекеттик көзөмөлдүн бардык багыттары боюнча жараяндар автоматташтырылат. Натыйжада, жаңы жылдан тарта бизнести текшерүү кыскарып, тобокелдиктерди башкаруу системасы массалык түрдө киргизилет. Мындан тышкары, өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жаңы модели иштелип чыкты. Жер тилкелерин берүү, инфраструктураны жаңылоо жана акимчиликтердин курамына кирген башка маселелер боюнча жеке ишкерлерге жергиликтүү деңгээлде колдоо көрсөтүү улантылат.

Ерик Ахмет, ишкана мүдүрү:

- Ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ойлорубузду айттык. Бул жолугушуу мамлекеттик колдоо, мамлекеттик стимул, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү узак мөөнөттүү долбоорлорго тартуу боюнча каржы маселелерин талкуулоого оң таасирин тийгизет деп айткым келет. Сунуштарыбызды айтып ага жооп алдык. Келечекте орто бизнести мамлекеттик аппарат жана өкмөт менен кызматташуу боюнча сунуштарды күтүп жатабыз. Ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгарууну колдоо абдан маанилүү. Анткени биздин экспорттук дараметибиз жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков