2021-жылы казакстандыктарды кандай жаңычылдыктар күтөт?

Ишкерлерге арналган салык жеңилдиктери жана массалык декларация. Быйыл казакстандыктар үчүн дагы кандай оң өзгөрүүлөр болот? Бул тууралуу экономист Арман Байганов Qazaq TV каналына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, үчтүн айынын 1 баштап күчүнө кирген мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор биринчи кезекте калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган. Мисалы, жарандар пенсиялык фондго топтогон каражаттарынын бир бөлүгүн турак жай алуу менен катар, ден-соолугун чыңдоо үчүн жумшай алышат.

Уруксат берилген сумманы үй-бүлө мүчөлөрү менен жакын туугандарынын дарылануусуна которууга болот. Быйыл бул мүмкүнчүлүктү 721 миңден ашуун казакстандык пайдаланып, керектөөсүнө жумшай алат. Ошондой эле, быйылдан тарта массалык декларация башталды. Ал үчүн бекитилген бирдиктүү эрежелер акырындык менен киргизилет. Серепчинин айтымында, мындай чара экономикасы дараметтүү өлкөлөр үчүн зарыл. Ошондуктан  бул жараянды өлкө эли олуттуу кабыл алууга тийиш. Ал коопсуз, дешет серепчилер. Анын айтымында, дүйнөлүк тажрыйбада жеке мүлктү жана кирешелерди декларациялоо көмүскө бизнес менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорунун бири болуп саналат.

АРМАН БАЙГАНОВ, ЭКОНОМИКА БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

 - Эң алды менен массалык декларацияга байланыштуу өзгөрүүлөр акырындык менен ишке ашат деп айткым келет. Башкача айтканда, биринчи кезекте, декларация мамлекеттик кызматкерлер арасында жасалды. Акция эми алардын жубайларына, жакын туугандарына жана мамлекеттик компанияларга байланыштуу өтөт. Ага ылайык, өз кезегинде 2023-жылы массалык декларация жалпы калкты камтыйт. Экинчиден, жашоо минимуму жана айлык эсептик көрсөткүч өлчөмү  жогорулайт. Бул экономиканы турукташтырып, жигердүү өнүктүрүү үчүн өз убагында көрүлгөн чара болуп саналат.

Белгилей кетсек, ушул жылдан баштап ай сайынкы эсептик сумма 2 917 теңгени түзөт. Ал эми эң төмөнкү айлык акы 42 500 теңге бойдон калат. Пенсиялык төлөмдөрдүн минималдуу суммасы 43 272 теңгеге жетти. Жашоо минимуму 34 302 теңгеге көбөйгөн. Мындан тышкары, жыл башынан бери пенсиялык төлөмдөр 7% га жогорулады.