Өнөр үчүн чек жок. Бул тууралуу борбор калаада өткөн
белгилүү казакстандык жана австриялык сүрөтчүлөрдүн «Биз биргебиз» аттуу
биргелешкен көргөзмөсү далилдеп турат. Анда кылкалем чеберлери Акжан Али менен
Джеральд Флориан Мессенердин уникалдуу эмгектери топтолгон. Эки сүрөтчүнү жалпы
техника бириктирет. Мындай коюлган 50 сүрөттүн көбү абстракттуу
экспрессионисттик стилде. Али Акжан сүрөтчүлөр дүйнөсүн бир жыл мурун эле
ачкан. Бир катар жеке көргөзмөлөрдү өткөрүп, эл аралык иш-чараларга катышууга
үлгүрдү. Мындай көрүнүктүү таланттын ээси Казакстандын сүрөт академиясынын
мүчө-корреспонденти жана Астана Сүрөтчүлөр союзунун ардактуу мүчөсү аталды.
Али Акжан, Сүрөтчү, Казакстан:
- Дриплинг техникасы-боекторду чачуу аркылуу сүрөт тартуу.
Ошентип, мен ички жан дүйнөмдү сыртка чыгарып, өз ойлорумду коомчулукка
жеткирем. Менин бардык чыгармаларым 2023-жылдан бери жасалып келе жатат. Мен өз
ишим менен дүйнөлүк деңгээлге чыккым келет. Башкача айтканда, өз өнөрүмдү
өнүктүрүп, казакстандык искусство катары атамекендик көркөм сүрөт өнөрүн
жайылтууну каалайм.
Анын чет элдик кесиптеши Джеральд Флориан визуалдык
искусство, илим, жазуу жана музыканы бирге алып жүргөн каарман. Сегиз кырлуу,
бир сырдуу Австрия өлкөсүнүн жаңы чыгармалары дүйнө жүзүндөгү искусство
сүйүүчүлөрүнө жакшы белгилүү. Акыркы иштер Казакстанда жасалды. Ал өлкөнүн тубаса
табияты менен айкалышкан бүгүнкү түстүү көрүнүштөн шыктанганын айтат.
Джеральд Флориан Мессенер, Сүрөтчү, Австрия:
- Мен Казакстанды абдан жакшы көрөм. Ошондуктан казак
элинин символдорун чагылдырганды жакшы көрөм. Маданий мурасты өнүктүрүү
маанилүү. Анткени биз бир үй-бүлө сыяктуу бири-бирибиз менен байланыштабыз.
Мындай иш-чаралар биздин бул маселеде жалгыз эмес экенибизди көрсөтүп турат.
Белгилей кетсек, Казакстан менен Австриянын сүрөтчүлөрүнүн долбоору «маданий
диалог» көргөзмөсүнүн сериясын ачты. Президенттик борбордо
ачылган вернисаж Казакстан Эли Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.

