Казакстан аэротаксилерди ишке киргизүүгө даярданууда

Казакстан аэротаксилерди ишке киргизүүгө даярданууда

Казакстанда биринчи жолу жүргүнчүлөрдү ташуучу аэротаксинин сыноолору өттү. Көрсөтмө учуулар Alatau City шаарында болду. Долбоор шаардык аба мобилдүүлүгүн өнүктүрүүдөгү алгачкы кадам болуп калды. Келечектеги транспорттун учуп-конгону үчүн узун тилкелер же чоң аянттар талап кылынбайт. Имараттардын чатырларына, бизнес-борборлордун жана ири транспорттук түйүндөрдүн жанына жайгаштырууга мүмкүн болгон атайын компакттуу зона - вертипОрт жетиштүү. Алатауда биринчи ушундай аянтчанын курулушу башталды.

Учкучсуз электрдик учуучу аппарат 13 мотор менен жабдылган жана төрт-беш жүргүнчүгө ылайыкталган. Анын ылдамдыгы саатына эки жүз чакырымга чейин жетиши мүмкүн, ал эми учуу бийиктиги алты жүз метрге чейин. Иштеп чыгуучулардын айтымында, аэротакси кадимки транспортко караганда бир топ тынчыраак, ызы-чуунун деңгээли 60 децибелге жакын. Мындай учуулар үчүн эң негизги шарт – күчтүү кубаттоо станциялары. Адистердин пикиринде, мындай аппарат убакытты үнөмдөп, жолдогу жүктү жеңилдетет.

Келлен Се, Аэротакси иштеп чыгуу боюнча компаниянын биринчи вице-президенти/ Кытай:

–  Бир кубаттагыч менен максималдуу учуу аралыгы болжол менен 250 чакырымга жетиши мүмкүн. Келечектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу моделде супер кубаттоо технологиясы колдонулат, анын аркасында аппаратты болжол менен 45–50 мүнөттө кубаттоого болот.

Alatau City пилоттук сыноо үчүн кокусунан тандалган эмес. Келечекте аба жолдору бул шаарды, Алматыны жана Алматы облусунун туристтик жайларын байланыштырышы керек.

Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими:

–  Алатау шаары 11 жердин бири болуп калды. Эмне үчүн дал Алатау? Себеби бул жерде укуктук режим тезирээк жылууга мүмкүндүк берет. Бул биздин Алатау шаарынын долбоорунун жагымдуулугун арттырат, кызыгууну күчөтөт. Мамлекет башчысы бул регионду, Алатау шаарынын аймагын өнүгүүнү тездетүүчү аймак деп белгиледи. Мындай долбоорлор инженерлерди жана инвесторлорду кошумча тартат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков