Актөбө, Астана жана Алматы шаарларында инновациялык жаңычылдык пайда болот. Серепчилердин айтымында, бул казакстандыктар арасында интернет-дүкөндөрдүн популярдуулугу өсүп жаткан маалда аба почтасын жеткирүүнү кыйла тездетүүгө мүмкүндүк берет. Биринчисин Актөбө облусунда ишке киргизүү пландалууда. Хаб өлкөнүн бардык батыш аймагын камтыйт. Аны ишке кошуу чет өлкөдөн почтанын келүү убактысын бир топ кыскартууга мүмкүндүк берет. Мисалы, АКШ, Германия, Кытайдан жиберилген нерселер 45 күндүн ордуна 10 күндүн ичинде келет. Белгилей кетсек, жаңы терминал-хабдар заманбап сорттоочу жабдуулар менен жабдылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков