Тарыхый мааниси бар окуя. Касым-Жомарт Токаев Рим папасына Казакстанга келүү чечими үчүн ыраазычылык билдирди. Папаны борбор калаанын эл аралык аэропортунан мамлекет башчы өзү тосуп алды. Президент Рим папасы Францисктин салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына катышуусу маанилүү окуя экенин жана форумдун ийгиликтүү өтүшүнө өбөлгө болоорун белгиледи. Андан соң Акорда резиденциясында тосуп алуу аземи болду. Бул жерде Казакстандын жана Ватикандын гимндери аткарылды. Ошондой эле, Франциск бийлик, коомчулук жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Ал эртең аяк оона айынын 14дө борбор калаада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына катышат. Андан кийин ыйык Месса өткөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков