Тейлөөнүн жаңы ыкмасы «Кызматкердин жеке иши» башталды

Тейлөөнүн жаңы ыкмасы «Кызматкердин жеке иши» башталды

«Кызматкердин жеке иши». Өлкөнүн эмгек ресурстары порталында ушундай аталыштагы жаңы кызмат ишке кирди. Бул системанын жардамы менен иш берүүчү кызматкердин жумушуна керектүү документтердин электрондук топтомун сурай алат. Тактап айтканда: өздүк паспорту боюнча маалыматтар, билими, психо-наркологиялык жана кургак учукка каршы диспансерлерде каттоодо бар же жогу, жада калса эмдөө тууралуу маалыматтар камтылган. Ошондой эле, сиз арыз берүүчүнүн башка жумушун текшере аласыз. Албетте, мунун баары ээсинин уруксаты менен гана берилет. Сурам Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин жеке маалыматтарына жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө кызматы аркылуу SMS жөнөтүү же электрондук санариптик кол тамганы колдонуу аркылуу жүргүзүлөт.

Ерболат Исламов  «Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борбору» АКнын башкы адиси

- Адамдар өздөрүнүн жеке маалыматтарынын коопсуздугу жөнүндө тынчсызданбаса болот. Маалыматтар эмгек шарттарын эсепке алуунун бирдиктүү тутумунда сакталат. Ал өз кезегинде мамлекеттик органдардын бирдиктүү маалымат базасына кирет. Маалыматтык коопсуздук үчүн сыноодон өткөн. Аны тастыктаган сертификаттар бар.

Республикада жакында түзүлгөн мындай жаңы система — «Кызматкердин жеке кабинети». Ал жерде өлкөнүн жарандары жумушка орношуу шарттары менен таанышып, иш ордунан аныктаманы жүктөп, жеке маалыматтарын иштетүү боюнча келишим түзө алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков