Борбор калаада өткөн кышкы кайрымдуулук балында 90 миллион теңгеден ашык акча чогулду. Андан түшкөн каражат өзгөчө муктаждыгы бар балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө жумшалат. Кайрымдуулукка үндөгөн иш-чараны жыл сайын «Болашак» корпоративдик фонду уюштуруп келет. Бул 14-кышкы бал. Белгилей кетсек, буга чейин мындай иш-чаралардан чогулган каражат көбүнчө мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшалчу. Бул жолу колледждерге да көңүл буруу пландалууда. Учурда студенттерди ар тараптуу колдоого багытталган кайрымдуулук долбоорлор пилоттук режимде жүзөгө ашырылууда.
Динара Гаплан, «Болашак»
корпоративдик фондунун төрайымы:
- Буга чейин
өткөн бардык кышкы балдардын аркасында 800 миллион теңгеден ашык акча жыйналды.
Чогулган каражатка биз Казакстандын 22 шаарында 58 инклюзивдик колдоо
кеңселерин ачып, жарыктандырдык.
Эльдар Сарсенов,
кышкы кайрымдуулук балынын катышуучусу:
- Биз бүткүл жамааттын
аткарган иштерине ыраазычылык айтабыз. Алардын максаттары айкын. Алар социалдык
аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берип келет.
Кечинде аукцион уюштурулуп, Геннадий Головкиндин колу коюлган бокс мээлейи 15 миллион теңгеге сатылды. Ал эми ырчы Димаш Кудайбергендин костюму кайрымдуулук фондуна дагы 5 миллион кошту.
Бейбит Алибеков, журналист:
- Мен жыл сайын
кайрымдуулук аукционун өткөрөм, анда катышуучулар кайрымдуулук кылуу үчүн ат
салышат. Бул эң маанилүү нерсе.
Которгон: Илгиз Жамалбеков