Казакстанда УБТ-2024 тапшыруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Казакстанда УБТ-2024 тапшыруу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Казакстанда улуттук бирдиктүү тестирлөөнүн форматына өзгөртүүлөр киргизилет. Жогорку билим берүүнү оптималдуу жана жеткиликтүү кылуунун жаңы эрежелери иштелип чыкты. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек Telegram баракчасына жазды.   Ошентип,  2024-жылы тест суроолорунун саны өзгөрөт.  Милдеттүү «Окуу сабаттуулугу» жана «Математикалык сабаттуулук» предметтеринде 5 суроо азыраак болот. Ал эми адистешкендер үчүн тапшырмалардын саны 40ка чейин көбөйөт. Мындан тышкары, тестирлөө убактысы 30 мүнөткө кыскарган. Дагы бир жаңылык. Кошумчалай кетсек, чыгармачылык адистикти тандагандар сөзсүз түрдө “Математикалык сабаттуулук” предметинен өтүшөт. Белгилей кетсек, кийинки жылы абитуриенттер 5 жолу тест тапшыра алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.