Казакстан адамдык капиталдын глобалдык рейтингиндеги позициясын жакшыртты

Казакстан адамдык капиталдын глобалдык рейтингиндеги позициясын жакшыртты

Казакстан адамдык капиталдын глобалдык рейтингинде көтөрүлдү. Дүйнөлүк банктын өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жаңыланган индексинде өлкө 13 сапка жакшырды. Республика 161 мамлекеттин ичинен 42-орунду ээлеп, бир катар Европа жана Азия өлкөлөрүнөн алдыга чыкты. Казакстан Аргентина, Малайзия, Грузия, Азербайжан, Кытай, Молдова, Греция, Болгария, Италия жана Түркиядан жогору жайгашты. Ошол эле учурда Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасындагы лидерлиги белгиленет. Аймактагы мамлекеттердин адамдык капитал индекси 200 баллдан ашпайт. Серепчилердин айтымында, бул көрүнүктүү натыйжа, анткени адамдык капиталдын көрсөткүчтөрү акырындык менен өзгөрөт. Алар коомдун өнүгүүсүнүн негизги факторлоруна, мисалы, билим берүүнүн сапатына, саламаттыкты сактоо системасынын абалына жана өмүр сүрүү узактыгына көз каранды.

Юлия Кучинская, Парламент Мажилисинин депутаты:

– Казакстандын позициясынын өсүшү билим берүү жана иш менен камсыз кылуу компоненти менен шартталган. Бул рейтингде Казакстандын позициясынын мындан ары да өсүшүн камсыз кылуу үчүн, албетте, билим берүүнүн сапаты жана билим берүүнүн эмгек рыногунун талаптарына шайкештиги боюнча иштөө  маанилүү. Бул тууралуу мамлекет башчысы да айтып, бүгүнкү күндө билим берүү негизги нерсе экенин белгиледи. Билим экономикасы - бул жалпысынан ар бир өлкөнүн өнүгүү базасы болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков