Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады. Анын тексти Акордонун сайтында жарыяланды.
«Бугу айынын 9да тынчтык жана бейпилдик үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалып, согуш талаасынан кайтпай калгандардын элесине башыбызды ийип таазим этебиз. Биз ардагерлерге – фронтовиктерге жана ооруктун эмгекчилерине таазим кылабыз жана ыраазычылык билдиребиз», - деп айтылат куттуктоодо.
Президенттин айтымында, Казакстан жалпы Жеңишке, жер бетинде адилеттиктин жана эркиндиктин салтанат курушуна эбегейсиз салым кошту. Мамлекет башчысы мекендештердин аскердик жана эмгек эрдиктери өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн укмуштуудай баатырдыктын жана чыныгы патриоттуулуктун үлгүсү экенине токтолду. Алардын берилгендигинин жана эрдигинин аркасында биз бүгүнкү күнү жашап, келечекке максат коюп, аны ишке ашыра алабыз. Ошондой эле, президент бардык казакстандыктарга ден соолук жана бакубатчылык каалап, бул күндүн тынчтыкты чыңдоодогу маанилүүлүгүн эске алуу катары маанисин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков