Астанада 9 өлкөнүн 150дөн ашык ири компанияларынан келген 800 жетекчи жана алдыңкы адистер «AI Leaders 2026» программасы боюнча окуусун аякташты. Бул Борбордук Евразия аймагындагы бизнес үчүн жасалма интеллект багытындагы эң ири билим берүү программасы. Анын алкагында бул тармактын жаңы муундагы лидерлери даярдалды. Катышуучулар жаңы үлгүдөгү технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана алардын башкарууга, жумуш процесстерине тийгизген таасирин изилдешти. Ошондой эле, өз уюмдары үчүн 100дөн ашуун AI чечимдерин киргизүү стратегиясын иштеп чыгышты. Программа бул тармактагы 15тей эл аралык серепчинин катышуусунда 45 сааттык онлайн окутууну камтыды. Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Түркия, Катар жана БАЭнин өкүлдөрү үчүн лекциялар, тармактык семинарлар жана стратегиялык консультациялар өткөрүлдү. Курс аяктагандан кийин алдыңкы уюмдардын өкүлдөрү Stanford University HAI жана OpenAI Academy сертификатына ээ болушту.
Венера Бабаева, «AlemAgro» компаниясынын бизнес-аналитиги:
– Биз компания катарында, айыл чарбасы менен алектенген
фермерлерди каржылайбыз. Күзгө карай ал карызды биз түшүм түрүндө кайтарып
алабыз. Бул абдан татаал процесс, анткени
көптөгөн факторлорду эске алуу жана ар кандай булактардан келген маалыматтарды
тез арада талдоо керек. AI куралдары мындай түзүмсүз, ар түрдүү маалыматты тез
түзүмгө келтирип, талдай турган курал болуп саналат.
«AI Leaders 2026» долбоорун Казакстандын Жасалма
интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги Stanford HAI, OpenAI Academy
жана Silkroad Innovation Hub менен биргеликте өткөрдү. Уюштуруучулар
белгилегендей, алар үчүн бизнес-коомчулукка эл аралык эксперттерден жасалма
интеллект чөйрөсүндөгү заманбап билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой
эле мамлекеттик жана корпоративдик секторлордо AI-технологияларын киргизүү
менен алектенген жетекчилердин Борбордук Евразиядагы эң ири кесипкөй
коомчулугуна кошулуусуна шарт түзүү маанилүү болгон.
Асет Абдуалиев, Silkroad
Innovation Hub негиздөөчүсү жана башкы мүдүрү:
– Ошондой эле, программанын негизинде Борбордук Евразиядагы жасалма интеллект темасын камтыган ири бизнес лидерлер коомчулугун түздүк, башкача айтканда, программа аяктагандан кийин анын аянтчасында катышуучулар өздөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүп, өз ара пикир алышат. Ушуну менен кесибин жакшыртып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз. Биздин аймак үчүн бул өтө маанилүү, анткени бул жасалма интеллект – өнүккөн жаңы дүйнөнүн ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

