Энергетикалык натыйжалуулук бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономиканын негизги тенденциясы болуп саналат. Эл аралык энергетикалык агенттик жакынкы жылдары дүйнөлүк ИДӨнүн энергия сыйымдуулугу 30%га төмөндөйт деп божомолдоодо. Бул энергия үнөмдөө чараларынын жана альтернативдүү булактарга өтүүнүн аркасында ишке ашат. Ошол эле учурда, Казакстан эң өнүккөн өлкөлөрдөн артта калбоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу бүгүн 20дан ашык мамлекеттин катышуусу менен энергияны үнөмдөө боюнча үчүнчү форумдун катышуучулары талкуулашты.
Аманияз Ержанов, Казакстандын өнөр жай жана инфраструктуралык өнүгүү боюнча вице-министри:
- ИДӨнүн энергия сыйымдуулугун 2030-жылга чейин 30%га жана 2050-жылга чейин 2008-жылдын деңгээлинен 2 эсеге азайтуу милдети коюлган. 1.5 миңден ашуун энергоаудит жүргүзүлдү, энергия үнөмдөө жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу иш-чаралар планын ишке ашырууга 300 миллион теңге инвестиция жумшалды. Ишке ашыруунун натыйжасында 78 миллиард теңге үнөмдөлгөн. Бул Казакстан үчүн өнүккөн отуз мамлекеттин катарына кирүү боюнча иштин маанилүү багыты.
Белгилүү болгондой, өлкөдөгү энергетикалык ресурстардын дээрлик жарымы энергетикага сарпталат. Калганы өндүрүш жана кен казып алуу тармактарында керектелет. Ошол эле учурда, ири ишканалар акырындык менен кайра жанма энергия булактарга өтүүдө. Бул нерсени катардагы казакстандыктарга үйрөтүү керек, дешет адистер.
Бауржан Смагулов, Электр энергетикасын өнүктүрүү жана энергия үнөмдөө институтунун төрагасы:
- Бүгүнкү күндө биз дүйнөлүк көрсөткүчтөн эки эсе көп сарптайбыз. Эмнеге дегенде, биздин өлкө энерго сыйымдуу болуп саналат. Биз жылуулукту, электр энергиясын бала кезден үнөмдөшүбүз керек. Энергия үнөмдөө маданиятын калыптандыруу зарыл. Аны өнөр жай ишканалары, бюджеттик мекемелер, калктан башташ керек. Аны менен маморгандар эмес, биздин республикада жашаган ар бир тургун алектениши зарыл. Ошондо биз каалаган эффектке жете алабыз.
Бирок эффект азыртан эле байкалууда. Дүйнөлүк банк менен биргеликте Казакстанда энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча долбоордун аркасында 83 социалдык маанилүү объект түп тамырынан бери жаңыртылды. Натыйжада, 40%га чейин энергия ресурстары үнөмдөлгөн. Ошондой эле, энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана санариптештирүү киргизилүүдө. Энергияны үнөмдөө боюнча жол картасы бекитилген. Мындай кадамдардын бардыгы өлкөдө энергияны үнөмдөөнү жакшыртууга мүмкүндүк берет. Анткени бул экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков