Казакстанда тоо гиддерин даярдоо боюнча
долбоор башталды. Жамбыл облусунда бийиктиги 4 миң метрден ашкан чокуларды
багындырган 32 кесипкөй тоо гиддерин даярдоо боюнча долбоор ишке ашырылууда.
Бул демилге аймактын туристтик дараметин жогорулатууга жана экотуризмди
өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Курста туризм жаатындагы алдыңкы адистер, серепчилер,
жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кесипкөй гиддер лекцияларды окушат. Жамбыл
облусу-тоолуу аймак. Аймакка келген конокторду жана туристтерди ушундай кооз
жаратылыш менен тааныштыруу маанилүү.
Мөлдир Оразалиева, «Тараз-туризм» туристтик
маалыматтык борборунун мүдүрү:
- Биздин иш - чара эки этаптан турат. Биринчи этапта теориялык сабактар болот. Андан кийин, 10 практикалык сабактар күтүлүүдө. Ушул күнгө чейин, тагыраак айтканда жалган куран айынын 4нөн тарта социалдык тармактар аркылуу адамдарды кабыл алуу иштерин жүргүздүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

