Алардын бири Кыргызстан менен чектеш аймакта, тагыраак айтканда, Жамбыл облусунун Карасуу авто өткөрмө бекетинин аймагында жайгашат. Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Мекемеден билдиришкендей, логистикалык комплекс негизинен мал жана өсүмдүк азыктарын сактоо менен кайра иштетүүгө арналган. Анын жалпы аянты 7,6 чарчы чакырымды түзөт. Мындан тышкары, өлкөнүн Өзбекстан менен чектеш Түркестан облусунда “Борбор Азия” эл аралык өнөр жай кооперация борборун жана Батыш Казакстан облусунун Орусия менен чектеш аймагында “Евразия” чек ара соода борборун куруу көздөлүүдө. Ал арада Мангыстау облусунда “Каспий түйүнү” контейнердик хабы, Кытай менен чектеш жерде “Хоргос түйүнү” чек ара комплекси пайда болот. Чек ара хабдарына Казакстандын аймактарындагы ишканалардын экспорттук дараметин камтыйт деп күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков