6 миллион 500 миңден ашык казакстандык Парламент Мажилиси шайлоосунда добуш берди

6 миллион 500 миңден ашык казакстандык Парламент Мажилиси шайлоосунда добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү шайлоо участкаларынын жабылуу убактысына ылайык, шайлоочулардын 54 пайыздан ашыгы өз тандоосун жасады. Эң жигердүү шайлоочулары бар облус Кызылорда облусу болду. Добуш берүү укугуна ээ болгон облус тургундарынын 67 пайыздан ашыгы добуш берди. Түндүк Казакстан, Жамбыл, Костанай, Чыгыш Казакстан, Акмола, Алматы облустары да жигердүү аймактардын катарына кирди. Бул аймактарда көрсөткүч 60 пайыздан жогору болгон. Шайлоочулардын эң төмөнкү үлүшү Алматы шаарында катталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков