Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеш толук кандуу эл аралык уюмга айланат. Сенат муну караган мыйзамды кабыл алды. Уюмдун кызматкерлеринин эмгек шарттарын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү маанилүү документ болуп саналат. Казакстан Кеңештин негиздөөчү мамлекети катары уюмдун жалпы ишмердүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат. Баш кеңсеси Астанада жайгашкан структурага 28 мамлекет кирет. Бул-Азия континентинин 90%ын түзөт.
Дархан Кыдырали, Парламент Сенатынын депутаты:
- Протоколго киргизилген өзгөртүүлөр Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын эрежелерине жана тажрыйбасына ылайык мүчө мамлекеттерден Катчылыкка иштөөгө жиберилген же келишимдик негизде кызмат ордун ээлеген персоналдын мүчөлөрүнүн макамын бекемдөөнү карайт. Азия кеңеши сыяктуу өкмөттөр аралык же мамлекеттер аралык уюмдун ар бир мүчө мамлекети, өзгөчө кабыл алуучу тарап, кызматкерлердин функцияларынын жана көз карандысыздыгынын эл аралык мүнөзүн таанууну, урматтоону жана сактоону негизги принцип катары кабыл алышы керек экени белгилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

