Казакстан менен Кыргызстандын ири медиа курулуштары кызматташуу жөнүндө келишим түздү

Казакстан менен Кыргызстандын ири медиа курулуштары кызматташуу жөнүндө келишим түздү

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын жана Казакстан Президентинин телерадиокомплексинин жетекчилери өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Макулдашууга ылайык, тараптар медиаконтент жана тажрыйба алмашып, медиахолдингдер биргелешип чыгармачылык долбоорлорду ишке ашырат. Боордоштор Президенттин телерадиокомплексинин курамына кирген Silk Way телеканалы менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Телеканал учурда Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын маалыматтык уюмдары даярдаган контентти таркатууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков