Казакстан 2026-жылы жаңы спутниктерди учурууга
ниеттенүүдө. Алар мөөнөтү 2021-жылы аяктаган KazEOSat-1 жана 2ни алмаштырат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин
Аэрокосмикалык комитетинин төрагасынын айтымында, бирок аппараттар 2023-жылдын аягына чейин колдонулушу мүмкүн. Маалым
болгондой, инженерлер техникалык текшерүү жүргүзүп, арыз берүү мөөнөтүн
узартышкан.
Баубек Оралмагамбетов, КР Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос министрлигинин алдындагы, аэрокосмос комитетинин төрагасы:
Биздин божомолдор боюнча, учуучу спутниктерибиз 2026-2027-жылга чейин иштеши керек. Бирок аларды алмаштыруу да зарыл, учурда бул чоң көйгөй. Бул жылы биз 2026-жылы уча турган KazEOSat-MR пикселдеринин орточо айырмасы 5 метр болгон үч спутникке келишим түздүк.
Эске салсак, KazEOSat-1 жана KazEOSat-2 2014-жылы орбитага чыгарылган. Жерди аралыктан зонддоочу космостук системалар айыл чарба өндүрүшүн, токой жана суу ресурстарын, жерди жана жаратылышты пайдаланууну көзөмөлдөйт. Ошондой эле маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Жарандык авиация комитетине жана башка мамлекеттик органдарга келип түшүүдө.
Которгон : Илгиз Жамалбеков