Казакстанда интернет эмнеден улам буулду?

Казакстанда интернет эмнеден улам буулду?

Казакстанда айрым онлайн кызмат түрлөрү интернетсиз кошулат. Бул тууралуу санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Багдад Мусин билдирди. «Өлкөдөгү каржы институттарынын кызматтарын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн министрлик банк уюмдары менен биргеликте, айрым ресурстарга интернеттен көз каранды болбой турган механизмдин иштелип чыккандыгын», - кошумчалады. Учурда үч ири банктын мобилдик тиркемелери жана маалымат порталдары интернетсиз жеткиликтүү. Буга кошумча, Багдад Мусин Казакстандагы интернет-ресурстарга бөгөт коюунун себептерин да түшүндүрдү. Ал интернет террордук топтордун иш-аракеттерине байланыштуу иштерди координациялап, пландаштыруу үчүн чектелүү түрдө гана бериле тургандыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков