2023-жылы курулуш тармагында бир топ жетишкендиктер болду

2023-жылы курулуш тармагында бир топ жетишкендиктер болду

Казакстанда 11 айда 15 миллион чарчы метрден ашуун жаңы турак жай пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16% көп. Курулуш жумуштарынын көлөмү 6 триллион теңгеге жетти. Өкмөттө 2023-жылдагы тармак ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Өткөн жылдын дагы бир жетишкендиги - курулуш материалдарынын ата мекендик өндүрүшү көбөйгөндүгүндө. Бир жыл ичинде ал 10%га, 1 триллион теңгеге чейин өстү. 2027-жылга чейин бекитилген Жол картасынын 41 долбоору иштеп баштады. Бул акиташ чыгаруучу завод, асфальт-бетон, чатыр жана каптоо материалдарын чыгарган ишкана. Муну менен катар, Абай облусундагы күлбото заводу калыбына келтирилип, жаңыланды. Ал эми Жетисуда карапа кыш өндүрүшү кеңейтилди. Алдыдагы убакытта Шымкентте дагы 3 долбоор ишке берилет деп күтүлүүдө. Бул жаатта Өкмөттө жогоруда белгиленгендей, жалпы көрсөткүчтө курулуш материалдары сатып алынган ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн үлүшү 66% чейин көбөйдү. Бул алардын ички рыноктогу позицияларынын чыңдалганын билдирет.