Казакстандык студент көк бөрүнү санариптештирүүгө ниеттенүүдө. Астаналык Ибрагим Амирбек, улуттук оюнду санариптештирүүнү көптөн бери ойлонуп жүргөн. Анын чоң атасы Турнияз Абилбеков Советтер Союзунун жети жолку чемпиону болгон. 1985-жылы курама командасы менен бирге союздаш мамлекеттерге барып, түрк элдеринин байыркы ат чабыштарын даңазалаган. Бул оюндар сакталбай калганы өкүнүчтүү дейт чебереси. Ошондуктан көк бөрүгө арнап кошумча сайт түзүү чечимин кабыл алган. Ал үчүн болгону 4 күн убакыт керектелген. Мунун аркасында азыр бул байыркы спортко байланыштуу маалыматтарды чогултуп, архивдөөгө болот.
Ибрахим Амирбек, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучусу:
- Көк бөрүнү бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу көйгөйү – атайын маалыматтар жазылбай жатканы. Бул тиркемеде көкбөрү менен байланышкан бардык маалыматтарды табууга болот. Келечекте кандай оюндар өткөрүлөт, алардын орду жана убактысы, каражатынын көлөмү, кандай оюндар ойнолгону, ага катышкан спортчулар, минген аттарына чейин жазылат. Ал тургай, байланыш номерлерин жана бир оюнга бөлүнгөн бюджетти билүүгө болот. Ачык фонд түзүүнү пландап жатам. Ал жерде оюндарды талкуулап, келечектеги оюндарга салым кошо аласыз.
Автор тиркемени колдонууда эч кандай кыйынчылык жок дейт. Болгону бир ирет басуу аркылуу кирип, керектүү бөлүмдөрдүн бирин тандогоо болот. Анын айтымында, көпчүлүктү аттын тукуму менен чабандестин жеңиштери жана жеңилген учурлары кызыктырат. Өлкөдө спорттун бул улуттук түрү менен 50 миңден ашык адам алектенет. 17 аймактын өз командалары бар. Ар бир облустан 15 кичи топ түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө ичинде 22 мелдеш жана бир Азия чемпионаты өттү.
Нурбек Байбуриев, улуттук ат оюндары түрлөрү боюнча мамлекеттик машыктыруучу:
- Албетте, муктаждык бар. Ар бир адам өткөн оюндарды көргүсү келет. Ар бир аймакта кесиптик клубдар жана мектептер, машыктыруучулар, методисттер иштешет. Мурунку мелдештерге баа берет. Ал катасын оңдоп, сабак алат. Экинчиден, бул тарых.
Которгон: Илгиз Жамалбеков