Окумуштуулар Ботай конушунан табылган адамдын сөөгүн изилдеп жатышат. Археологдор үчүн чоң табылга болгон баш сөөк Акмола облусунун Айыртау районундагы Никольское айылына жакын жерден табылган. Ал болжол менен 40 жаштагы кишиге таандык, дешет адистер. Учурда Алматыда экспонатты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Андан соң комплекстүү изилдөө үчүн Орусиядагы атайын эксперттик борборлорго жөнөтүлөт.
Куаныш Шакшаков, Ботай музей-коругунун мүдүрү:
– Эми биздин негизги милдетибиз бул баш сөөккө ДНК анализин дайындап, анын кимге таандык экенин, ошондой эле адамдын теги менен жынысын так аныктоо. Мындан кийин пластиканын жардамы менен бул башка бет жасап, 6 миң жыл мурунку Ботайдын көрүнүшүн көрсөк дейбиз.
Өткөн археологиялык сезондо Ботай конушунан 200дөн ашык экспонат табылган. Бирок изилдөөчүлөр алардын сырларын толук ача элек. Жалпысынан Ботай маданиятынын 36 гектар конушунда бүгүнкү күнгө чейин 2000 чарчы метрден ашык жер казылып, ал жерден 4500дөй экспонат табылган.
Айгерим Айдарбекова, Ботай музей-коругунун бөлүм башчысы:
– Бир үйдө орто эсеп менен 30 адам жашачу. Ал эми жалпысынан бир аймакта 500гө чейин конуш болгон. Санап көрсөңүз, ал кезде көп адамдар бир конушта жашаган. Бирок алардын бардыгынын сөөктөрү жана калдыктары кайда экени биз үчүн ушул күнгө чейин табышмак болуп келет.
Ботай маданияты тууралуу кызыктуу фактыларды коомчулукка жеткирүү үчүн ушул жайда Айыртау районунун Лобанов айылына жакын жерде туристтик борбор курулат. Кошумчалай кетсек, жакынкы жылдары Никольское конушунан, тагырагы Ботай конушунун так жанынан археологдордун үйүнүн курулушу башталат.
Куаныш Шакшаков, Ботай музей-коругунун мүдүрү:
– Археологиялык база эки кабаттан турат. Биринчи кабатта лабораториялар, камералык иштетүү, конференц-зал, ашкана жайгашат. Экинчи кабатта археологиялык казууларга катышуучулар үчүн жатакана, ошондой эле окуу бөлмөлөрү болот. Бул археологиялык база жыл бою иштейт.
Мунун аркасында башка мамлекеттердин жана региондордун окумуштууларынын ошол жерде түз изилдөө жүргүзүүсүнө бардык шарттар түзүлөт. Бул көптөгөн илимий ачылыштарды жана өткөндүн көптөгөн сырларын ачууга мүмкүндүк берет - дешет жергиликтүү археологдор.
Которгон: Илгиз Жамалбеков