Казакстан
2025-жылы астротуризм боюнча тренд болот. Euronews басылмасы үстүбүздөгү жылдын
туризминин мыкты багыттарын жарыялады. Чет элдик маалымат булагынын билдиришинче
келе жаткан жылы саякатчылар асмандагы кубулуштарды так көрүү үчүн ылайыктуу
жерлерди издешет. Буга
байланыштуу, «Kazakh Tourism»
бул багытты өнүктүрүү үчүн атайын инфраструктураны түзүү жана кесипкөй
астрономдор менен маршруттарды жана экскурсияларды иштеп чыгуу жумуштарын жүргүзүп жатат. Мыкты жерлердин
бири, мисалы-Алматы облусундагы Ассы
платосу. Ал жерде жылдыздарды байкоо үчүн астрофизикалык обсерватория бар.
Даниел Сержан уулу, «Kazakh Tourism» УК АК башкарма
төрагасынын орун басары:
- Жылдыздарга карай турган түрлүү турлар бар. Бул
тренддин өсүшүнө байланыштуу, «Kazakh Tourism» да туризмдин аталган түрү үчүн шарттарды
түзүү ниетинде. Тактап айтканда, шаардан алыс жерлерде спорттун айрым түрлөрүн
белгилеп ошол жерге кэмпинг жана ушундай туристтер токтоп, жылдыздарды кароого
мүмкүнчүлүк түзүү. Жалпысынан көбүрөөк туристтер өз алдынча саякаттап, эс алышы
үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

