Бугу айынын 31 – Саясий куугунтук жана ачарчылык курмандыктарын эскерүү күнү

Бугу айынын 31 – Саясий куугунтук жана ачарчылык курмандыктарын эскерүү күнү

Бугу айынын 31 - Саясий репрессиянын жана ачарчылык курмандыктарын эскерүү күнү. Буга байланыштуу Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жолдоду.

«Өткөн кылымдын биринчи жарымында Казакстанда жүз миңден ашуун адам күнөөсүз соттолуп, алардын төрттөн бири өлүм жазасына тартылган. Өлкөнүн аймагында он бир эмгек түзөтүү лагери болгон. Ал учурда элдер жапырт кысымга туш болгон. Туулган жеринен зордук менен көчүрүлгөн беш миллионго жакын адам казак жеринен баш паанек тапты. Казакстан алардын куттуу мекени болуп калды. Ашыкча коллективдештирүү өнөктүгү болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофага алып келди. Биз тарыхтан сабак алып, мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз», - деп айтылат Президенттин кайрылуусунда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков