Казакстан 150 чакырымдык кышкы веложүрүштөн рекорд койду

Казакстан 150 чакырымдык кышкы веложүрүштөн рекорд койду

150 чакырымды 9 саат 56 мүнөттө багындыруу. Нур-Султандык Ернат Кашкынов Соло ыкмасындагы велоспорт боюнча рекорд койду. Кышкы велоспорт Казакстандын рекорддор китебине катталды. Иш-чара эл мугалими Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдык мааракесине арналды. Велочебердин айтымында, ал веломарафонго төрт жыл мурун даярдана баштаган.

Ернат Мелсулы, велоышкыбоз:

- Кышкы марафонду жайкы марафон менен салыштырууга болбостугун түшүндүм. Велосипеддин дөңгөлөктөрү карга батып кеткендиктен, педалды айландыруу кыйынга турду. Алгачкы 15 километрди басып өтүү оңой болгону менен, жайында 30 чакырымга чейин жол жүрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков