Казакстанда 2023-жылдан тарта мектеп формасынын бирдиктүү түсү киргизилиши мүмкүн. Азыр бул сунуш ата-энелер, педагогдор жана орто билим берүү уюмдары тарабынан жигердүү түрдө талкууланып жатат.
Жомарт Карамбаев, окуу-агартуу министрлиги комитетинин төрагасынын орун басары:
- Мектеп формасынын бирдиктүү түсүн өзүнчө административдик аймакка киргизүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Аны сатып алууда жеке кызмат көрсөтүүчүлөргө артыкчылык берүүгө жол берилбейт. Ата-энелер балдарына мектеп формасын тандап алууда жана сатып алууда эркин.
Жаңы окуу жылында казакстандык мектептерде бирдиктүү формага коюлган талаптар ошол бойдон калат. Кааласаңыз, кара, кызгылт же чатыраш костюм, эң негизгиси стили классикалык болушу керек. Жанжигитовдор бат эле тандоосун жасашты. Чынара ортончу уулу Асылжанды мектепке даярдап жатат, ал алтынчы класска көчкөн.
Шынарай Жанжигитова, көп балалуу эне:
- Уулума кыш-күз, жылуу мезгилде кийсин деп эки шым, ак көйнөк да алдым. Кийимдердин баасы да жакшы, сапаты да мыкты экен. Көптөгөн ата-энелердин чөнтөгүнө туура келет. Эне катары мектеп формасы керек деп ойлойм.
Асылжан өзүнө кийимдерди Нур-Султандагы дүкөндөрдүн биринен алган. Ишкананын Петропавловск шаарында кийим тигүүчү фабрикасы бар. Жалпысынан ишкана мектеп окуучулары үчүн 300гө жакын кийимдерди даярдап чыгарат.
Аскер Башеев, компаниялар тобунун башкы мүдүрү
- Бала дем алууну кыйындата турган, аба өткөрбөгөн кийим менен жүрбөшү керек. Тоңуп калышы мүмкүн жана башка ушул сыяктуу. Ал көпкө чейин кийиле турган кийимдер болушу зарыл жана ошого жараша биз кандайдыр бир жаңы материалдарды, кээ бир жаңы технологияларды колдонобуз.
Фабрикада мектеп формасы 6 жылдан бери тигиле баштады. Өнүмдөр негизинен борбор калаада сатылат. Баалар өлкө боюнча орточо экени айтылууда. Болжол менен бешинчи-жетинчи класстын окуучулары үчүн кийимдердин топтому сатып алуучуларга 18 миңден 30 миң теңгеге чейин бааланат. Айта кетсек, дүкөндө жигердүү сатуулар бир жума мурун башталган. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, сооданын туу чокусу баш оона айынын ортосуна жана аягына туура келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков