Депутаттар киберчабуулдардын алдын алуу жолдорун сунушташты

Депутаттар киберчабуулдардын алдын алуу жолдорун сунушташты

Төмөнкү палатанын өкүлү Екатерина Смышляеванын айтымында, өлкөнүн IT тармагынын маалыматтык коопсуздугуна бөлүнгөн акча жалпы чыгымдардын 1%ын гана түзөт. Кадрлардын жетишсиздиги да терс таасирин тийгизип жатат. Тармакта кеминде 10 миң адис жетишпейт. Коомдун кибер сабаттуулугу да канааттандырарлык эмес, коомчулукта бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору сунушталды.

Екатерина Смышляева, Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты:

- IT тармагын санариптештирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган жалпы каражаттардын үлүшүндө маалыматтык коопсуздукка чыгашаларды көбөйтүү жана аны 10%га жеткирүү керек. Ошондой эле, бардык IT адистерине жана бир катар инженердик кызматтарга тиешелүү маалыматтык коопсуздук кесиптеринин көлөмүн жана санын көбөйтүү зарыл. Мамлекеттик маалыматтык саясаттын алкагында маалыматтык коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөл институтун күчөтүү, бул багыттагы илимий-изилдөө иштерине артыкчылык берүү, санариптик жана кибер сабаттуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек деп эсептейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков