Казакстандык тасма Лос-Анджелестеги фестивалда баш байгени жеңип алды

Казакстандык тасма Лос-Анджелестеги фестивалда баш байгени жеңип алды

Лос-Анжелесте өткөн Эл аралык Азия кинофестивалынын баш байгесин казакстандык «Чабуул» тасмасы жеңип алды. Бул Адилхан Ержановдун 12-тасмасы. Фильм ойдон чыгарылган Каратас айылында өтөт. Мында  беткапчан каракчылар айылдык мектепти басып алат. Ал эми туруксуз аба ырайынан улам  полиция менен байланышуу мүмкүн болбойт. Туңгуюктан чыгуунун жолун издеген мектеп мугалими окуучулардын ата-энелеринин башын бириктирип, «чабуул» тобун түзүүгө мажбур болот. Айта кетсек, тасмада башкы ролдорду Азамат Нигманов, Данияр Алшинов, Берик Айтжанов, Нурбек Мукушев, Теоман Хос жана башкалар ойношот.

Ошондой эле, «Чабуул» тасмасы да жыл башында Роттердам кинофестивалынын негизги программасына катышкан. Ал эми Франциядагы криминалдык кинофестивалында ал гран-приге, муну менен катар кино сынчылардын сыйлыгына ээ болгон.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков