Казакстан экономикасына 2029-жылга чейин 150 миллиард доллар инвестиция тартууну пландаштырууда. Премьер-министрдин биринчи орун басары Роман Скляр өлкө бул тапшырманы аткара аларына ишенет. Ал көптөгөн серепчилер республикада эң жакшы инвестициялык климат түзүлдү деп эсептей турганын жана өкмөт жергиликтүү жана чет элдик компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи. Андан тышкары, өлкөдө азыр инвестициялык штаб иштеп жатат. Ал буга чейин 100 миллиард доллардан ашык суммага 180 долбоорду карап чыкты.
Роман Скляр,
Премьер-министрдин биринчи орун басары:
- Биз алар боюнча конкреттүү
чечимдерди кабыл алып, мамлекеттик органдарга аткаруу үчүн өтө кыска
мөөнөттөрдү беребиз жана белгилүү бир жыйынтыктар бар. Андан тышкары, бул,
албетте, толук бюрократиядан арылуу. Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, биз,
мисалы, стандарттык параметрлер боюнча инвестициялар тууралуу келишимдерге кол
коюуга эки жумадан ашык эмес мөөнөт бөлөбүз. Буга чейин алты айдан 12 айга
чейин кетчү. Ошондой эле, инвестициялык штаб конкреттүү кейстерди карап чыгып,
инвестор туш болгон административдик жана башка тоскоолдуктарды жоюу боюнча
мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизип,
мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берет. Албетте, ТИМ, инвестициялар боюнча
комитет активдүү иш алып барууда, ал эми "жашыл" коридор - ар бир
инвестициялык долбоорду көрүп, анын тоскоолдуктарын жоюучу маалыматтык система.
Мунун баары биз инвестициялардын санын да,
сапатын да жогорулатууга алып келет.
Эске сала кетсек, буга чейин улуттук экономика министрлиги быйыл өлкөгө 25 миллиард долларга жакын чет элдик инвестиция тартуу пландалып жатканын билдирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

