Казакстан суу ресурстарын башкаруу тармагындагы кадрлардын жетишсиздигин чечүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн тиешелүү министрлик жогорку окуу жайлардын билим берүү программасына 11 адистикти киргизүүнү көздөп жатат. Ушул жаатта сугат дыйканчылыгы, гидротехникалык, ирригациялык системалар, суу менен камсыздоо боюнча адистер сыяктуу жаңы бизнес ээлерин даярдоо сунушталат. Суу дипломатиясы жаатында да тажрыйбалуу адистер даярдалат. Жаңы багыттар боюнча студенттер тармактык министрликке караштуу уюмдарда өндүрүштүк тажрыйбадан өтүшөт. Буга кошумча мындай адистиктерди магистратура жана докторантурага киргизүү пландалууда. Чет өлкөдө окуу үчүн да гранттар бөлүнөт. Мындан тышкары, суу чарба кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу борборлору түзүлөт.
Болат Бекнияз,
Суу ресурстары жана ирригация биринчи вице-министри:
- Эл аралык
өнөктөштөр менен биргеликте суу дипломатиясы деген жаңы адистикти ачып жатабыз.
Ошол эле учурда иштеген кызматкерлер окуу курстарынан өтүшү керек. Биз
адистерди сууну үнөмдөөнүн алдыңкы технологиялары менен тааныштыруу максатында
ушундай курстарды уюштурабыз. Учурда Суу кодексинин жаңы редакциясы
даярдалууда. Суу ресурстарын башкаруу концепциясы иштелип чыкты. Тармактын
адистери заманбап жараяндарды тажрыйбада колдонуулары керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков