К. Токаев «Борбор Азия - Корея Республикасы» саммитине катышат

К. Токаев «Борбор Азия - Корея Республикасы» саммитине катышат

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мёндун өлкөгө расмий сапар менен келүү чакыруусун кабыл алды. Мындан тышкары, Казакстандын Президенти 2026-жылы Сеулда өтө турган «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитине катышууга даяр экенин ырастады. Бул тууралуу эки өлкө лидеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Тараптар ошондой эле казак-корей мамилелерин соода жана өнөр жайдан баштап билим берүү жана медицинага чейинки ар кандай тармактарда мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков