Ата мекендик энергетика индустриясынын акыркы жетишкендиктери жана заманбап жашыл долбоорлор. Тармакты санариптештирүү жана анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу. Борбор калаада Казакстандын энергетика жумалыгы башталды. Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн талдоочулары XV KAZENERGY Евразиялык форумунда жолугушат. Анда КМШ аймагындагы энергетикалык коопсуздук маселелери талкууга алынат. Ошондой эле жолугушуунун тарыхында биринчи жолу бул багытта казакстандык кесиптештеринин күндөрү өтөт. Борбордук Азиядагы эң ири энергетикалык иш-чаранын масштабы кеңейип келүүдө. Бул жылы жыйынга 30дан ашык дүйнөлүк серепчилер жана 2000дей делегат катышмакчы. Салттуу иш-чарада адаттагыдай эле жер казынасын иштетүүгө байланышкан татаал иштерге назик жандардын салымы да көз жаздымда калган жок. Быйыл Аялдардын энергетикалык клубунун 10 жылдык мааракелик форуму уюштурулду.
Ляззат
Рамазанова, Президенттин алдындагы аялдар жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат
боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары:
- Бүгүнкү күндө
энергетика тармагында иштеген аялдардын үлүшү 40 пайыздан ашты. Ал эми азыр
бийликтин туу чокусунда чечүүчү кызматтарда иштеген кыздардын саны 30 пайызга
жетти. Бүгүнкү күндө чоң мекемелерден мурун чакан бизнес да санариптик чөйрөгө
өтүп жатат. Бул жерде атаандаштыктан четте калбаш керек. Кыз-келиндер ушул
энергетикалык клуб алкагында өзү менен бирге жүргөн курбу-курдаштары менен
биригип заманга ылайык билим менен кесиптик жетишкендиктерин көрсөтө билүү
керек деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков