Бирикмеге адал-стандарттарын интеграциялоодон
комплаенс-маданиятын өнүктүрүүдөн кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду
ишке киргизүүгө чейин. Астанада өткөн биринчи ислам бизнес форумунун алкагында
Казакстанда исламдык каржылоону жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган бир
нече меморандумдарга кол коюлду. Алардын арасында
Нигерия менен өлкөнүн рыногуна өз компанияларын тартуу боюнча келишим, Ислам
каржылоо менен бизнеси жана Ислам өнүктүрүүчүлөр ассоциациясынын ортосундагы
меморандум, ошондой эле АЭКБ катышуучуларынын ортосундагы негизги келишим бар.
Форумдун сессиялары сектордун келечегине арналып, анда спикерлер ислам
банкингин киргизүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, эл аралык кызматташуу
маселелерине токтолушту.
Мадина Тукулова,
Ислам каржылоо жана бизнес боюнча ассоциациясынын төрагасы, АЭКБнын Ислам
каржылоо жетекчиси:
- Каржылоонун өнүгүүсү
абдан жогорку деңгээлде, бизде бир нече исламдык каржы институттары бар,
мыйзамдык база түзүлдү жана азыр жаңы исламдык каржы инструменттерин өнүктүрүү
жагынан чоң стимулдарды көрүп жатабыз. Өткөн жылы эле сукуктун корпоративдик
катышуучусу бар биринчи исламдык баалуу кагаздар Казакстанда чыгарылып, бизде
Казакстанда да, AЭКБда да биринчи исламдык инвестициялык фонддор пайда болду.
Форумда ислам экономикасындагы аялдардын ролуна
өзгөчө көңүл бурулду. Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн серепчилери өздөрүнүн
ийгиликтүү мисалдарын жана окуяларын көрсөтүштү.
Хумайон Дар, Кембридж
Ислам каржы институтунун башкы директору:
- Биздин
катышуучулардын тизмесинде Казакстандан жана аймактан келген көптөгөн аялдар
бар. 2018-жылы WOMANI (вумен ай) отчетун
ишке киргизгенибизде, бул негизинен Малайзиядан келген аялдар болгон. Бирок
акыркы жылдары дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн, анын ичинде Казакстандан,
Тажикстандан жана коңшу өлкөлөрдөн келген аялдардын салымы көбөйдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

