Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү беш миллиард долларга жетти. Бул ушул жылдын башынан берки 4 айдын көрсөткүчү гана. Өткөн жылдын дал ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 10 пайызды түздү. Мындай маалымат менен Нурсултан Назарбаев фондунун алдындагы Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун мүдүрү Ержан Салтыбаев бөлүштү. Адистин айтымында, Кытай Эл Республикасы Казакстандын экинчи ири өнөктөшү жана эң маанилүү инвестору болуп саналат. Акыркы 12 жылда кытай ишкерлери өлкө экономикасына 19 миллиард доллар инвестиция салышкан. Бүгүнкү күндө өлкөдө кытай капиталы катышкан 2700дөн ашуун компания иш алып барат.
Ержан Салтыбаев, Нурсултан Назарбаев фондунун алдындагы дүйнөлүк экономика жана саясат институтутунун мүдүрү:
- 2013-жылы Улуттук жыргалчылык фонду жана Эл аралык сооданы илгерилетүү комитети Казакстан-Кытай Кеңешин түзүшкөн. Бүгүнкү күндө ал тараптардын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүнүн эффективдүү аянтчасы болуп калды. 2020-жылы пандемияга карабастан, эки тараптуу соода алмашуулар токтогон жок жана деңгээли да төмөндөгөн эмес. Тескерисинче, өсүш болуп, өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 4 пайызга өстү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков