Казакстанда жакынкы 4 жылда «Айыл - өлкө бешиги» долбоорун каржылоонун көлөмү 800 миллиард теңгеге чейин көбөйтүлөт. Жалпысынан бардык улуттук долбоорлорду эске алуу менен калктуу конуштарды модернизациялоого 1,3 триллион теңге мерчемделген. Бул тууралуу премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүн жыйынында билдирди. Программа өнүктүрүү дарамети бар 3,5 миң айылды камтыйт. Анын үзүрүн 7 миллионго жакын адам көрөт. Бул айыл калкынын болжол менен 90%га жакынын түзөт. Каражат айыл калкынын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын кыйла жакшыртууга жумшалат. Аймактарда жаңы социалдык объектилер жана билим берүү мекемелери курулат. Жыйынтыгында 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар мектепке чейинки билим берүү менен толук камсыз болушат. Жогорку ылдамдыктагы интернет желеси аталган аймакка жетет. 24 миллион чарчы метр турак жай пайдаланууга берилет. Жолдордун 95%ы жакшыртылат. Адистердин жетишсиздиги чечилип, жаңы киреше булактары ачылат.
Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:
- 2025-жылы айыл жерлерин суу менен камсыздоо кызматтары менен 100% камтууга жетишилет. Айылдагы 10 миң чакырым жол жакшырат. 12 миң чакырым коммуналдык кызматтар, 1,1 миң саламаттык сактоо объекттери, 1,7 миң спорттук объектилер, 1,5 миң маданий объектилер курулуп, оңдолот. 5 миң айылдык мектеп модернизацияланат. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 2,5 эсе жогорулайт, 500 миң жумушчу орун түзүлөт жана 1 миллион айыл тургундары кирешелерин көбөйтө алышат. Айыл – өлкө бешиги долбоорунун иш-чаралары айыл калкынын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын бир топ жакшыртат жана айыл жеринин өнүгүшүнө жаңы дем берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков