АКШнын бардык штаттарында коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу көрсөткүчү азаюуда. Бул тууралуу Джонс Хопкинс университети билдирди. Эпидабалдын калыбына келгенине байланыштуу өлкөдө чектөө чаралары жеңилдетиле баштады. Ошентип, 14 штатта коронавируска каршы күрөштүн негизги чараларынын бири - беткап тагынуу режими жокко чыгарылды. Башкача айтканда, эми вакцина алган адамдар коомдук жайларга бара алат. Деген менен көпчүлүк америкалыктар дагы эле беткап тагынуу эрежелерин сактоо керек деп эсептешет. Анткени инфекциядан каза болгондордун жана ооруканага жаткырылгандардын деңгээли дагы эле бул чарадан баш тартуу үчүн аздык кылат.
Нью-Йорк тургуну:
- Ар бир адамдын тандоосу бар. Бирок мен беткап тагынууну уланткым келет. Анткени бийлик башындагылардын беткап тагынбай эле койсо болот дегени менен, ковид эч кайда жоголуп кеткен жок. Илдет дагы деле арабызда. Ошондуктан ушундай маалыматтардан улам адамдардын беткаптарын чечип, ээн-эркин жүргөнү туура эмес деп ойлойм. Айрыкча, метродо жана башка коомдук жайларда беткап тагынуу маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков