ШымКад жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Эми мегаполисте 3 бирдей татаал жол кыймылы пайда болот. Жергиликтүү акимчиликтин айтымында, «Батыш Европа – Батыш Кытай» коридору бир нече маселелерди чечүүгө салым кошот. Биринчиден, жол тыгындарын азайтып, Шымкентти эл аралык маанидеги трасса менен байланыштырып, шаардын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Ошондой эле Өзбекстан менен өз ара сооданы тездетет. Инфраструктуралык долбоордун болжолдуу баасы 50 миллиард теңгени түзөт.
Мухтар Коканбаев, Шымкент шаардык жүргүнчүлөр транспорту жана автоунаа жолдору башкармасынын башчысы:
- 16 чакырым жолдун пайдубалынын 80-90%га жакыны, Түштүк айланма жолунун 50%дан ашыгы бүткөрүлдү. Чыгыш айланма жолунун эки этабынын бири ишке ашырылды, жакынкы күндөрү пайдаланууга беребиз, экинчиси долбоорлонууда. Ал эми реконструкциядан өтүп жаткан айланма жолдун 8-этабынын 2-фазасы бүткөрүлүп, эки этабы аяктоо алдында турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков