Быйыл кулжа айында Астана эл аралык форуму өтөт

Быйыл кулжа айында Астана эл аралык форуму өтөт

Жыйында глобалдык чакырыктарды диалог аркылуу жеңүү темасы талкууланат. Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, форумдун катышуучулары учурдагы дүйнөлүк кырдаалды талдап, геосаясий тирешүүлөрдүн күчөшүнөн улам дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктире турган иш-чараларды уюштурууга умтулушат. Негизги талкуулар төрт багытта, тактап айтканда, тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук; эл аралык өнүгүү жана туруктуулук; энергетика менен климаттын өзгөрүшү, экономика жана каржы тармактары боюнча өтөт. Форумга мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын жетекчилери, белгилүү саясий ишмерлер жана серепчилер катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков