Бул күн казак элинин эгемендүү өлкө болуу үчүн жазыксыз азап чегип, эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн эрдиктерин эскерүү күнү. Биздин эсибизде түбөлүк жараланган күн. Бул тууралуу бүгүн борбор калаада саясий репрессия жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү «Тарыхтын сабактары – өткөнгө таазим» аттуу жыйында тарыхчылар билдиришти. Ошондой эле алар иш-чаранын жүрүшүндө чогултулган маалыматтар менен бөлүшүп, ар бир бөлүмгө талдоо жасашты. Тарых илимдеринин доктору Арайлым Мусагалиеванын айтымында, изилдөө иштери улантылат.
Арайлым Мусагалиева, Тарых илимдеринин доктору:
- Көптөгөн тарыхчылардын пикири ар кандай. Жалпысынан бул мезгилде 2 миллионго жакын казак ачарчылыктын курмандыгы болду. Дагы 1 миллиону качкынга айланган. Анын так санын эсептеп чыгууга бизде дагы убакыт бар деп ойлойм. 20-кылымдын тарыхы жалпы казактар үчүн өтө кайгылуу болду. Совет доорунда биз казактардын жарымынан айрылдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков