Казак тилинде онлайн-контент жасоочулардын VIІ форуму

«Келечекке көз караш. Жаңы технологиялар жана медиа». Бул тема казак тилиндеги онлайн контент жаратуучулар форумунун өзөгүнө айланды. Жолугушууда жасалма интеллектти киргизүү, анын коопсуздугу жана эл аралык жөнгө салуу стандарттары каралды. Ошогдой эле чыгармачыл индустрия, маданият жана технология темалары талкууланды. Борбор калаада 300дөн ашык медиа-серепчилер, журналисттер жана блогерлер жолугушуп, бул багытта ой-бөлүшүп пикир алмашышты.

Жанасыл Болатбек, медиа серепчи: 

–Казакстанда жогору бааланган контенттин баары казак тилинде. Маселен, жаңылыктарды, видеороликтерди эки тилде көрсөткөн «Gakku» каналында эң мыкты жыйырманын баары казакча ырлары. Же 8, 10 миллион көрүлгөн казак тилиндеги долбоорлор көп.

Ошондой эле форумдун алкагында катышуучуларга мастер-класстар жана ата мекендик медиа мейкиндикте ишке ашырып жаткан жаңы долбоорлор сунушталды. Маселен, өлкөдө 360 форматындагы биринчи атайын репортаж жана жасалма интеллекттин жардамы менен тартылган кыймылдуу сүрөттөрдү көрүү мүмкүнчүлүгү ушул жерде жасалды.

Бауыржан Болат уулу, долбоор автору:

– Долбоордун өзгөчөлүгү, мисалы, адам телефонду караса, маалымат гана алат. Ал эми бул көз айнекти тагынуу адамдын ага толук киришине жардам берет. Бул жагдайды толук түшүнүүгө жана эмоцияны кабыл алууга жардам берет. Ал атайын камералар жана атайын программалар менен жасалат.

Багдаулет Бекжанов, долбоор автору:

–Эгер Астанада Ван Гог болгондо кандай болмок? Мен аны өз көзүм менен көрөм деген фантазияларды ишке ашырам. Алматыны аниме стилинде жасаганга аракет кылам. Эски өңү өчүп бараткан сүрөттөрүбүздү оңдоп, боёп, анимацияга айландырам.  Башкача айтканда, мен ага башка көз караш менен кароого аракет кылам. Мындай мүмкүнчүлүктөр бизге жасалма интеллект аркылуу ачылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков