«Ынтымактуу ата-эне» фото көргөзмөсү

«Ынтымактуу ата-эне» фото көргөзмөсү

Астанада Казакстан менен Швециянын биргелешкен фото-долбоорунун бет ачары болду. Уникалдуу экспозицияга эки өлкөнүн фотографтарынын 40 эмгеги коюлган. Сүрөттөрдө авторлор үй-бүлөнүн бактылуу, ошондой эле кыйын мезгилин көрсөтүү менен, ата-энелер темасын козгошкон. Иш-чараны Швеция элчилиги жана БУУнун Калкты отурукташтыруу тармагындагы фонду уюштурган. Фотографтардын ар бир эмгегинде ата менен эненин орду көрсөтүлөт. Каалоочулар көргөзмөнү жетинин айынын 23нө чейин көрө алышат.

Жамила Кусайынова, БУУнун калкты отурукташтыруу тармагындагы фондусунун өкүлү:

Бириккен Улуттар Уюмунда балдарды тарбиялоодо, бала багуу менен алектенген үй-бүлөнүн, ата-эненин, үй чарбасындагы эркектин милдеттерин бирдей деп карайбыз. Бул бир гана акча табуу же тамак-аш сатып алуу эле эмес, ошону менен бирге үй-бүлөңүз менен убакыт өткөрүү, жолдошуңузга үй жумуштарына жардам берүү, балдарыңыз менен үй тапшырмаларын аткаруу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков