Astana Opera эл аралык опера академиясында италиялык баритон Федерико Лонгинин мастер-класстары өтүүдө. Катышуучулар вокалдык өнөрдүн сырларын үйрөнүү, чеберден тажрыйба алуу менен кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүдө. Ошону менен бирге маэстронун жетекчилиги астында Гаэтано Доницеттинин «Чакырык» опера-буффасынын спектакли менен иштөөдө. Спектаклдин премьерасы бирдин айынын 27-28 күндөрүнө пландалууда. Бир актылуу комедиялык опера жаш кызга үйлөнгөн карыя дарыканачысынын окуясын баяндайт. Бул жаатта Гаэтано Доницетти спектаклдеги музыканын автору гана эмес, либреттону да жазганын белгилей кетүү керек.
Федерико Лонги, Вокал боюнча коуч, Италия:
- Мени Астанага жана ушул сонун театрга чакырышканына ыраазымын. Казакстанга алгачкы жолу кадам таштап, борбор калаага келгениме абдан кубанып турам. Аткаруучулардын кесипкөйлүгү туурасында айтсам, алардын чеберчилигине суктандым. Үндөрү абдан керемет. Албетте, мындай таланттуу жамаатка техникалык билим жана кеңеш берүү мен үчүн чоң сыймык. Мастер-классымда мен жергиликтүү угуучулар менен үн обонун коюу, каарманды туура аткаруу жана мизансценаны колдонуу боюнча тажрыйбам менен бөлүшөм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

