Silk Way Star: долбоордун катышуучулары тартуу иштерине даярданышууда

Silk Way Star: долбоордун катышуучулары тартуу иштерине даярданышууда

«Silk Way Star» аттуу биринчи Азия вокалдык сынагынын бардык катышуучулары Астанага келишти. Акыркы болуп Малайзиядан келген ырчы Ясмин Азиз учуп келди. Сынактын катышуучулары чоң сахнага чыгууга тартуу иштерине жигердүү даярданышууда. Тартуу иштери баш оона айынын 26нан башталат. Даярдыктар кызуу жүрүп жатат: стилисттер катышуучулар үчүн эксклюзивдүү костюмдарды жаратышууда, музыканттар репертуарды иштеп чыгышууда, анткени ар бир чыгуу жандуу, фонограммасыз болот. Ошол эле учурда катышуучулар интервью берип, көрүүчүлөргө сахнанын артындагы эксклюзивдүү мүмкүнчүлүктү ачуу менен санариптик контент жаздырышууда.

Сабина Заде, Silk Way Star катышуучусу, Азербайжан:


- Азыр биз репетиция кылып, бийлеп жатабыз. Бул абдан кызыктуу, мен процесстен ырахат алам. Silk Way Star – бул өсүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк, эң негизгиси, ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдар менен достошуп, алардын маданиятын билүүгө болот.


Сандугаш Рахимжанова, Silk Way Starдын креативдүү продюсери:

- Ар бир катышуучу биздин команда менен - редакция, стилисттер, бий жана техникалык топ, ошондой эле музыкалык жамаат менен иштешти. Мисалы, топ менен репетициялар, анткени бизде бардык ырлар жандуу аткарылат. Менимче, биз чындап эле чоң, масштабдуу шоу жасоого жана аны көрүүчүлөргө көрсөтүүгө даярбыз.

Уюштуруучулар катышуучуларды жана калыстар тобун Казакстандын каада-салттары менен таанышууга мүмкүнчүлүгү бар маданий программа күтүп жатканын белгилешет. Silk Way Starдын биринчи чыгарылышынын премьерасы аяк оона айынын 20да болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков