Казак тилин үйрөткөн алгачкы онлайн оюн жасалды

Казак тилин үйрөткөн алгачкы онлайн оюн жасалды

Өлкөдө балдарга казак тилин үйрөтүүчү алгачкы онлайн оюн түзүлдү. Колунан смартфону түшпөгөн азыркы муунга казакча тил үйрөтүүгө эң сонун курал. Форматы – интерактивдүү, мазмуну – улуттук баалуулуктарга негизделген бул оюн баланын сөздүк корун байытып эле тим болбостон, казакча таанып-билүүсүн кеңейтет дешет адистер. Stepp games бир нече баскычтан турат. Ага кирген бала аркан тартат, чүкө ойнойт, атүгүл тайган багып ууга чыгат. Оюнда балдарга шерик болуп, жол көрсөткөн да ушул кумай тайган.

Макпал Жумабай, «Тил казына» улуттук илимий-тажрыйбалык борборунун мүдүрү:

- Тайган өзүңүз билесиз улуттук баалуулук. Азыркы учурда кайра жанданган, жаңы бир чоң мааниге ээ каарман десек болот. Дал азыркы мезгилде биздин балдар А1, А2 деңгээлин өздөштүрүп ала алышат.

Нуртөрө Жүсип, парламент сенатынын депутаты:

- Жаш муунга, өсүп келе жаткан муунга ушул заманбап технология тили менен казактын салтын, үрп-адатын түшүндүрө турган жакшы оюндар керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков