Абай менен Курмангазынын, Жамбыл менен Нургиса Тлендиевдердин домбралары Түркия төрүндө. Стамбул шаарында Алматы музейлер бирикмесинин Талаа үнү эл аралык көргөзмөсү өттү. Башкы консулдуктун колдоосу менен уюштурулган иш-чара Эгемендүүлүк күнүнө жана эки тараптын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Ошону менен бирге шаар тургундарына Ыкылас атындагы музыкалык аспаптар музей фондундагы баалуу эстеликтер сунушталды. Алардын арасында белгилүү адамдар колдонгон аспаптардын так көчүрмөлөрү да бар.
Ляззат Сагындыкова, Алматы шаарындагы музейлер бирикмесинин мүдүрү:
Көргөзмөнүн негизги максаты - түрк элдеринин музыкалык маданиятын таанытуу жана жайылтуу. Түркиянын коомчулугу Стамбулда биз уюштуруп жаткан көргөзмөгө абдан кызыгып жатат.
Асуман Айдогмуш, Стамбул шаары Бакыркөй райондук театр департаментинин мүдүрү:
Бүгүнкү көргөзмө сонун болду. Биздин маданиятыбыз бир, тарыхыбыз бир. Ошондуктан мындай көргөзмө өтүп жатканына абдан кубанычтамын. Улуттук музыкалык аспаптарыбыз окшош экенин байкадым. Бул да бир туугандыктын бир белгиси.
Которгон: Илгиз Жамалбеков