Абай облусунда белгилүү казак акынынын 180 жылдыгына карата салтанат башталды

Абай облусунда белгилүү казак акынынын 180 жылдыгына карата салтанат башталды

Семей шаарында улуу казак акыны, философу жана агартуучусу Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына арналган салтанаттар башталды. Мааракелик иш-чаралардын алкагында этноайылдын ачылышы болду. Анын аймагына ондон ашык боз үй тигилди. Ар бир боз үйдүн жанында казак каада-салттарын, үрп-адаттарын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган театралдаштырылган оюн-зооктор өткөрүлүүдө. Келгендер казак ашканасынын тамактарынан даам сызып, ар кандай көргөзмөлөргө барып, жергиликтүү артисттердин концерттик программасын көрө алышат. Этноайылда ошондой эле казак күрөшү, тогуз коргоол, чүкө атуу жана башка улуттук спорттун түрлөрү боюнча шаардык ачык чемпионаттар өтөт. Ошондой эле этноайылда «Асыл мурас» аттуу облустук кол өнөрчүлөрдүн фестивалы башталды. Региондун мыкты чеберлери элге улуттук кийимдерди, зер буюмдарды жана териден, кийизден жана жыгачтан жасалган буюмдарды сунушташмакчы:


Сакен Назархан уулу, кол өнөрчү:


- Абай Кунанбай уулунун дал ошол аңчылык курунун көчүрмөсүн жасадым. Казак акыны жана философунун 180 жылдык мааракесине карата атайын даярдадым. Бул көчүрмөнү келечекте көрүп, философ кандай заманда жашаганын элестетип, аны жакшыраак таанып билсин деген максатта жаштар үчүн жасадым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков