Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген «Grammy Global Spin» эл аралык долбооруна катышты. Америкалык музыкалык сыйлыктын расмий сайтында жана YouTube-каналында анын автордук Fire чыгармасынын бет ачары болду. Димаштын АКШнын эң ири музыкалык институттарынын бири менен кызматташуусуна жол анын тогуздун айында Нью-Йорктогу легендарлуу Madison Square Garden аренасында казак маданиятын тартуулаган концертинен кийин башталганы белгиленет. Global Spin долбоору көрүүчүлөрдү ар кайсы өлкөлөрдөн келген аткаруучулар менен тааныштырат. Ар бир чыгарылыш – бул музыкантты жана анын мекенин даңазалаган эксклюзивдүү аткаруу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

