Астанада дүйнөгө белгилүү поп-аткаруучу Дженнифер
Лопестин концерти аншлаг менен өттү. Astana Arena стадионуна 25 миңден ашуун
көрүүчү чогулду. Ырчынын грандиоздук шоусу анын «Up All Night» дүйнөлүк турунун бир бөлүгү болуп, ондогон
бийчилердин катышуусундагы масштабдуу оюн-зоок жана таасирдүү атайын эффекттер
менен коштолду. Көрүүчүлөр Лопестин атактуу хиттерин, анын ичинде «On the Floor» жана «Jenny from the block» ырларын чогуу ырдашты. Айрымдары атүгүл жылдыз менен
селфи жасоого жетишти - финалда дүйнөлүк жылдыз жеке өзү фан-зонага түшүп,
күйөрмандары менен учурашты. Белгилей кетсек, Астанага атактуу артистти көрүү
үчүн Казакстандын ар кайсы шаарларынан гана эмес, коңшу өлкөлөрдөн да
күйөрмандар келишти. Концерттин уюштурулушу жогору бааланды: тартипти миң үч
жүзгө жакын полиция кызматкери камсыздап, стадиондун бир нече кире бериш жана
чыга бериш жерлери иштетилди. Көптөгөн казакстандыктар үчүн, алардын айтымында,
бул кеч жылдын чыныгы музыкалык окуясы болуп калды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

